Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

АКШ Кыргызстандын жарандары үчүн визанын мөөнөтүн 10 жылга узартты


АКШ 4-марттан тарта Кыргызстандын жарандарына берилүүчү туристтик жана ишкерлик визанын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартты. Бул тууралуу Американын Кыргызстандагы элчилиги 4-мартта кабарлады. Ошондой эле Кыргызстандын паспортун алып жүргөн жарандан визанын B1, B2 и B1/B2 түрү үчүн алынуучу 20 долларлык төлөм алынбай турган болду.

"Бул өзгөрүүлөр Кыргызстандык миңдеген саякатчыларга пайдалуу, АКШ эки өлкө элинин карым-катышын тереңдетүүгө жеңилдик бергенин даңазалайт", - деп жазылган маалыматта.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери: "Бул өзгөрүүлөр кыргыз элине кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга, өлкөлөр аралык саякатты жөнөкөйлөтүүгө жана биздин байланышыбызды бекемдөөгө багытталган", - деп айтты.

Элчиликтин маалыматына караганда, он жылдык визалар 4-марттан тарта гана бериле баштайт. Мурда берилген визаларга тиешеси жок. Быйыл жай мезгилинен тарта консулдук кызмат көрсөтүүлөр жакшыртылары күтүлүүдө.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл февралга карата АКШда 36 миң кыргызстандык жашап, иштеп жатканын билдирген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG