Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Кыргызстан эркиндик көрсөткүчү төмөндөгөн өлкөлөрдүн катарына кирди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

CIVICUS Monitor эл аралык уюму Кыргызстанды жарандардын эркиндиги кескин төмөндөп жаткан өлкөлөрдүн тизмесине киргизди.

Буга өлкө парламентинде "Чет элдик өкүл тууралуу" мыйзамдын кабыл алынышы, бейөкмөт уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы репрессиялык мыйзамдардын кабыл алынышы, эки медианын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, 11 журналисттин камалышы, Kloop иликтөөчү порталынын сот чечими менен жабылышы негиз берди.

Бул тууралуу CIVICUS Monitor эл аралык уюму маалымдап, Кыргызстанда бийлик жарандык коомго жана сөз эркиндигине каршы мыйзамдарды демилгелеп жатканын билдирди.

"Улуттук коопсуздукту камсыздоого багытталганы айтылып жаткан "Чет элдик өкүл тууралуу" мыйзам адатта авторитардык режимге кирүүнүн куралы болуп саналат. Анткени бул мыйзам кабыл алынган бардык аймактарда бейөкмөт уюмдар жабылган. Мыйзамдын кесепеттерин карап чыкканда, демилгечилердин чыныгы максаты - эркин жарандык коомду жоюп, сынчыл добуштарды ооздуктоо экенин көрүүгө болот", - деди CIVICUS уюмунун Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча иликтөөчүсү Тара Петрович.

CIVICUS Monitor уюмунун жаңы көзөмөл тизмеси Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары кеңешинин 55-сессиясын утурлай жарыяланды. Ал тизмеге адам эркиндиги көрүнөө начарлап бараткан беш өлкө: Кыргызстан, Пакистан, Сенегал жана Венесуэла киргизилген.

Уюмдун билдирүүсүндө Кыргызстандын жарандык коому "репрессияланган" деп бааланууда. Мындай рейтингге дүйнөдөгү бийлиги жарандык коомун түрдүү чаралардын негизинде чектеген 50 өлкө кирген.

Кыргызстан Freedom House эл аралык уюмунун жаңы баяндамасында да төртүнчү жылы катары менен "эркин эмес" мамлекет аталды. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG