Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

Орусия Украинанын үч облусуна чабуул койду


Украина. 2024-жылдын 24-февралы.
Украина. 2024-жылдын 24-февралы.

Соңку суткада Украинанын үч облусунда Орусиянын чабуулдарынан бир кишинин өмүрү кыйылганын, 20 чакты киши жараат алганын 4-мартта жергиликтүү бийлик башчылары билдиришти.

Харьковдун башчысы Олег Синегубовдун айтымында, облус аймагында артиллериялык жана миномет чабуулдарынан 15 калктуу пункт жабыркады.

Херсон облусунда 16 кыштакта окуу жайлар, чарба имараттары талкаланып, бир киши каза тапты.

Донецк облусунда Орусиянын чабуулдарынан 19 киши жараат алды.

Орусия соңку эки жылдан бери Украинанын аймактарын болгон күжүрмөн курал-жарагы менен бутага алып келет. Январда чабуулдар күчөп, ондогон украиналык каза болду, жүздөгөн киши жараат алды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) быйылкы жылдын 21-февралына карата маалыматы боюнча, эки жыл аралыгында Орусиянын толук масштабдуу кол салуусунан Украина 10 582 жаранынан айрылды, дагы 19 875 киши жараат алды. Уюм чынында курмандыктар мындан көп деп эсептейт.

Москва кол салуусун «атайын аскердик операция» деп атап, Украинанын жарандарын өлтүрүп, жарандык инфраструктурасын талкалап жатканын далилдерге карабастан моюнуна албай келет.

Одесса шаарына 2-мартта жасалган дрон чабуулунан каза болгондор 12ге жетти. Набыт кеткендердин төртөө балдар, алардын экөө ымыркайлар экенин украин бийлиги билдирди.

Өлкө президенти Владимир Зеленский 3-марттагы кайрылуусунда Орусияны жеңүүгө жардам сурап, «дүйнө Орусиянын жаалына каршы чыгып, жообун бериши керектигин» белгиледи. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG