Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата 100 объект ачылат


Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны. 4-март, 2024-жыл.
Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны. 4-март, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн сайты кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө иш-чаранын планына тиешелүү маселелер жана башка уюштуруу маселелери талкууланды.

Акылбек Жапаров бул мааракелик датанын республика үчүн өзгөчө маанисин белгиледи.

“Быйыл биз Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилейбиз. Бул тарыхый учур, биз тарыхка таазим кылабыз. Быйыл өлкөдө 100 ири объекттин ачылышы күтүлүүдө. Анын ичинде Чүй облусунда цемент заводу, электр станциялары жана башка долбоорлор. Жалпысынан долбоорлор 10 млн доллардан 500 млн долларга чейин. Июнь айында инвесторлор менен жолугушуу пландалууда. Биз Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун экинчи этабын баштайлы деп жатабыз”, – деди Минкаб төрагасы.

Жыйындын жүрүшүндө уюштуруу комитетинин мүчөлөрү иш-чаранын планынын концепциясын бекитишти.

Мааракелик иш-чаралардын алкагында 30дан ашык иш-чара пландаштырылган. Анын ичинде мааракелик төш белги, тыйын, почта маркаларын чыгаруу, өлкөдө жана чет өлкөлөрдө маданий иш-чараларды өткөрүү, китептерди басып чыгаруу, тарыхый тасмаларды жана театралдык спектаклдерди коюу, форумдарды, көргөзмөлөрдү, фестивалдарды, илимий-билим берүү конференцияларды жана симпозиумдарды өткөрүү сыяктуу иш-чаралар бар.

2024-жылы Кыргызстанда Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров былтыр ноябрда кол койгон.

Орус Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын (РСФСР) курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы 24-октябрда түзүлүп, 1925-жылы май айында Кыргыз автономиялуу облусуна айланган. Аталган түзүм 1926-жылы Кыргыз АССРи деп өзгөртүлүп, 1936-жылдан тартып Кыргыз ССРи болгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG