Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:05

Кыргызстанда чылым тартууга каршы мыйзам катаалдады


Президент Садыр Жапаров "Жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Документ тууралуу маалымат мамлекет башчынын сайтына 5-мартта жарыяланды.

Жаңы мыйзамда тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөн жайларды кошпогондо, коомдук жайларда тамеки жана тамеки өнүмдөрүн тартууга тыюу салынат. Буга көзөмөл жүргүзүү укугу жергиликтүү бийликке берилди.

Ошондой эле менчигинин түрүнө карабай уюмдардын, ишканалардын жетекчилери тамеки чегүү үчүн атайын жай бөлүп берүүгө милдеттүү. Бул жайлар санитардык-гигиеналык, өрткө каршы ченемдерге ылайык жабдылышы керек.

Мындан тышкары 18 жашка чыга электерге тамеки өнүмдөрүн саткан адамдарга салынуучу айыптын өлчөмү көбөйтүлгөн.

Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 25-январда кабыл алган.

4-март күнү Министрлер кабинети 28-февралдагы токтому менен тамеки, никотин, кальян, электрондук тамеки чегүүгө тыюу салынган жерлердин тизмесин узартканы маалым болгон. Атап айтканда, аэропорттордо, темир жол, авто бекеттерде, имараттардагы жумуш жайларында жана орундарында тамеки жана никотин тартууга болбойт.

Коомдук жайларда тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөн жерлерди жергиликтүү бийлик аныктайт жана камсыздайт.

Уруксат берилбеген жерде тамеки тартканы үчүн айып пул 10 эсептик көрсөткүч - 1000 сомдон 30 эсептик көрсөткүчкө - 3000 сомго чейин көбөйтүлгөнү кабарланды.

1-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевдин Кыргызстанда электрондук чылымга таптакыр тыюу салуу сунушу коомдук талкууга коюлду. Депутат өлкө аймагында электрондук чылым колдонууга, сатууга жана алып кирүүгө тыюу салууну сунуштоодо. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG