Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:14

УКМК Таласта 11 млн сом мамлекетке кайтарылганын билдирди


Талас облусу, Бакай-Ата району.
Талас облусу, Бакай-Ата району.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерине козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекетке 11 миллион сом кайтарылганын 5-мартта билдирди.

"Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, бөлүмдүн айрым кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, мектеп жана бала бакча кызматкерлеринин эсебине акча каражаттарын мыйзамсыз түрдө аванс катары которушуп, кийин өз кызыкчылыгына пайдаланган", - деп айтылат маалыматта.

Бул ишке тиешеси бар Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси жана башкы эсепчиси кызматынан бошотулган.

Учурда фактыга тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Шектүүлөр азырынча комментарий бере элек.

Эсептөө палатасы Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнө аудит жүргүзүп, билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин эсептерине 2022-жылы – 9 млн 408,9 миң сом, 2023-жылы – 1 млн 621,8 миң сом акча каражаты негизсиз которулганын 2022-жылы декабрь айында билдирген. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG