Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

Алиянын өлүмү: анестезиолог менен медборбордун директору камалды


Алия Кубанычбекова.
Алия Кубанычбекова.

Үч жаштагы Алия Кубанычбекованын өлүмүнө шек саналып Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун директору да кармалып, камакка алынды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирип, сот ушул эле иш боюнча үй камагына чыгарылган анестезиологдун бөгөт чарасын өзгөртүп, кайра камакка алганын кабарлады.

Алия Кубанычбекованын өлүмү боюнча анестезиолог январь айынын ортосунда камакка алынып, Бишкек шаардык соту 31-январда аны үй камагына чыгарган. Кыздын жакындары соттун токтомуна нааразы болуп, бийлик жетекчилерине кайрылган.

Кыздын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси иш козголгон. Милиция аны “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренесине өзгөртүп, ишти териштирүүнү улантып жатканы белгилүү болду.

Алия Кубанычбекова 2023-жылы 18-декабрда алты сааттык операциядан кийин чарчап калган.

Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиштери ооруп, ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн ата-энеси Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, дарыгерлер операция керек экенин билдирген. Операция аталган клиникада эмес, Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүндө жасалган. Дарыгерлер муну ал жерде жакшы шарт түзүлгөнү менен байланыштырышкан.

Атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганын, ага “Севоран” дарысын жыттатып тишин тазалайбыз дешкенин, бирок ага ийне сайышканын, наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG