Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

Газадагы тынчтык келишимине Орозого чейин жетишүү кыйындады


Газа тилкеси. Февраль, 2024-жыл
Газа тилкеси. Февраль, 2024-жыл

Газадагы ок атышууну токтотуу жана барымтадагы израилдиктерди бошотуу боюнча ХАМАС тобу (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган уюм) менен сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктады. Бул тууралуу Египеттин расмий адамдары билдиришти. Беш айдан бери уланып келаткан согуш он миңдеген кишинин өмүрүн кыйды, анклавды урандыларга айландырды, гуманитардык апаатка алып келди.

Гуманитардык уюмдар Израилдин аскерлери менен координация иштери кыйындаганы, салгылашуулар жана коомдук тартиптин жоктугу тилкенин ири бөлүгүнө жардам жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратканын айтышууда.

АКШ, Катар жана Египет согушкан тараптар менен мунаса табуу аракетин көрүп келатат. Жаңы сунушка ылайык, согушкер топ 40 кишини барымтадан кое берүүгө, бул үчүн кармаштар алты аптага токтоп, палестиналык туткундардын бир тобу азат кылынып, жардам жеткирүү жеңилдетилүүгө тийиш. Келишимге Орозо айы башталгыча жетишүү максаты колган.

AP агенттиги Египеттин расмий өкүлдөрүнө шилтеме менен кабарлагандай, ХАМАСтын сунушу жакынкы күндөрдө Израил менен талкууланмакчы.

"Радикал топ Израил операциясын токтотуп, Газадан чегилмейинче жана туткундардын көбүн, анын ичинде өмүр бою кесилген согушкерлерди бошотмоюнча, барымтага алынгандардын бардыгын кое берүүгө жана 30 кишинин сөөктөрүн өткөрүп берүүгө макул болгон жок", - деп жазды агенттик.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСтын талаптарын четке кагууда жана согушкерлер түп-тамыры менен жок болмоюнча жана барымтадагылар бошотулмайынча согуш токтобосун айтып келатат. Израил сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасына делегациясын жөнөткөн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG