Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

УКМК "Кумтөр" менен кызматташкан кылмыштуу топ аныкталганын билдирди


УКМКнын башкы кеңсеси. Бишкек
УКМКнын башкы кеңсеси. Бишкек

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кылмыш төбөлү атыккан Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) көзөмөлдөгөн ишканалардын жетекчилери кармалганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Көлбаевдин адамдары деп шек саналган Б.А.Б. жана Х.Д.А. жеке баюу жана уюшкан кылмыштуу топту каржылоо максатында "Гранд Электроникс" ишканасы аркылуу "Кумтөр Голд Компани" ишканасы менен келишим түзүшкөн. Алар алтын казган компанияны тамак-аш камсыздоо келишимин түзүшкөн.

"Гранд Электроникс" ишканасынын "Кумтөр Голд Компани" мекемесинен алган каржылык кирешеси уюшкан кылмыштуулук менен байланышы бар "Гранд Электроникс Стафф" компаниясына, андан кийин нак акчага айландыруу үчүн Көлбаевдин өзүнө берилип турган", - деп жазылган маалыматта.

6-мартта "Кылмыштуу чөйрөнү каржылоо" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Көлбаев көзөмөлдөп башкарган коммерциялык фирмалардын жетекчилери Б.А.Б жана Х.Д.А. кармалды. Алар Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Былтыр октябрда Бишкекте уюшкан кылмыш тобунун анабашы аталган Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн. Атайын кызмат аны менен байланышта болгон, кылмыштуу топтун өкүлү деп шек саналган 40тан ашуун адам кармалганын, 1 миллиард долларлык актив камакка алынганын жарыяланган.

Уюшкан кылмыш топторуна тиешеси бар "220дан ашуун мамлекеттик кызматкер аныкталганын, көбү кызматтан алынганын" кабарлаган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG