Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:38

Иранда ири мунай ишканасында жарылуу болуп, өрт чыкты


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. 2024-жылдын 7-марты.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. 2024-жылдын 7-марты.

Иранда мунайды кайра иштетүүчү заводдо жарылуу болгонун, натыйжада өрт чыкканын, жабыркагандар бар экенин бүгүн 7-мартта мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, окуя өлкөнүн түштүгүндөгү Бандер-Аббас портундагы Афтаб ишканасында болду. IRNA жана ISNA агенттиктеринин алгачкы кабарларында бир нече киши каза болгону жана жараат алганы айтылган, бирок расмий тастыкталган эмес.

Кийинчерээк ишкананын коомчулук менен байланыш бөлүмү завод олуттуу зыян тартпаганын, эки киши гана жеңил жараат алганын билдирди.

Афтаб ишканасы, интернеттеги расмий сайтындагы маалыматка караганда, Ирандагы мунайды кайра иштетүүчү жеке ири ишкана болуп эсептелет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG