Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:58

БУУ: 2023-жыл мигранттар жолдо эң көп каза тапкан жыл болду


Жер ортолук деңиз. Мигранттар.
Жер ортолук деңиз. Мигранттар.

2023-жыл соңку он жылдан бери миграцияга аттанган адамдар жолдо эң көп каза болгон, эң трагедиялуу жыл болгонун Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Миграция боюнча эл аралык уюму билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бул жылы миграция каттамында кеминде 8565 адамдын өмүрү кыйылганы белгилүү болду.

Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырганда 20% көп.

Уюмдун билдирүүсүндө мындай көрсөткүч «адам өлүмүн алдын алуу үчүн ыкчам чара көрүү зарылчылыгын» айгинелей турганы белгиленди.

Жыл сайын дүйнөдө жүз миңдеген адам миграцияга мыйзамсыз жолдор аркылуу кооптуу шартта чыгары, себеби коопсуз жана туруктуу жолдор баарына эле жеткиликтүү эмес экени айтылды.

Эң кооптуу маршрут, билдирүүдө айтылгандай, Жер ортолук деңиз аркылуу өткөн жолдор. Ал жакта былтыр 3129 киши каза болгон же дайынсыз жоголгон.

Уюмдун 2014-жылдан бери иштеп келе жаткан "Дайынсыз жоголгон мигранттар" долбоору дүйнө жүзү боюнча каза болгон же дайынсыз жоголгон мигранттар тууралуу ачык булактардагы маалыматтарды чогултат. Бүгүнкү күнгө чейин 63 000 адам боюнча документ топтолгон. Бирок андай тагдырга туш болгондор чынында көп экени белгиленүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG