Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:38

Газага европалык кеме гуманитардык жардам жеткирери кабарланды


Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарындагы мамлекеттик мектепте тамак-аш алуу үчүн чогулган палестиналык балдар. 19-февраль, 2024-жыл.
Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарындагы мамлекеттик мектепте тамак-аш алуу үчүн чогулган палестиналык балдар. 19-февраль, 2024-жыл.

Жума күнү европалыктардын кайрымдуулук кемеси Газа тилкесине гуманитардык жардам менен жиберилерин AP агенттиги Еврокомиссияга шилтеме берип жазды.

"Испаниялык Open Arms уюмуна таандык кеме деңиз коридорун сыноо үчүн пилоттук саякат жасайт" деди Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен.

Ал Кипрдин президенти Никос Христодулидис менен бирге басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Евробиримдик АКШ, Бириккен Араб Эмираттары жана башка катышуучу өнөктөш өлкөлөр менен бирге "гуманитардык катастрофага" жооп катары Газага ири көлөмдөгү жардам жеткирүү үчүн деңиз коридорун ишке киргизип жатканын билдирди.

Бейшемби күнү АКШ президенти Жо Байден Конгрессте сүйлөгөн сөзүндө Израилди Газанын карапайым калкынын коопсуздугун камсыздоого чакырып, деңиз аркылуу Газага гуманитардык жардам жеткирүү планын жарыялаган. АКШ президентинин айтымында, бул максатта жүк ташыган кемелер үчүн сүзүп жүрүүчү порт курулат. Аталган порттон тилкеге күнүнө тамак-аш, таза суу жана дары-дармек жеткирүү үчүн жүздөгөн чоң кеме кирери айтылууда.

АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал уюму башкарган Газанын саламаттыкты сактоо мекемеси 8-мартка караган түнү сектордо 78 киши каза болгонун, 104 киши жарат алганын кабарлады.

Эл аралык уюмдар Газа гуманитардык апаат коркунучуна кептелгенин көптөн бери эскертип келатышат. Ай башында АКШ армиясынын учагы Газага биринчи жолу абадан гуманитардык жардам таштаган. Ал жерде тамак-аш тартып келаткан оор машиналардын жанында 110дон ашуун палестиналык каза тапкандан кийин Вашингтон жардамды кеме менен жеткирерин билдирген.

Израил аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.
Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси ошондон бери сектордо 30 миңден ашуун палестиналык жай тургун, арасында аялдар жана балдар набыт кеткенин билдирүүдө. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG