Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:04

Гаитиде куралдуу топ өкмөттүк имараттарга кол салды


Порт-о-Пренсте 9-мартта тартылган сүрөт.
Порт-о-Пренсте 9-мартта тартылган сүрөт.

Гаитинин борбору Порт-о-Пренсте 9-мартта куралдуу топ өкмөттүк имараттарга, полиция штабына жана президенттик сарайга кол салганын ABC News кабарлады. Басылманын булактары чабуулду "ыкчам жана координацияланган" деп мүнөздөп жатат.

Полиция менен куралдуу топтун ортосунда кагылышуу болгон. CNN каналы коопсуздук кызматкерине таянып, өкмөттүк күчтөр кырдаалды мүмкүн болушунча тезирээк көзөмөлгө алууга аракет кылып жатканын жазды.

ABC News куралдуу топтун ондон ашык мүчөсү өлтүрүлгөнүн кабарлады, бирок бул сан тастыктала элек. Полиция кызматкерлеринин арасында курмандыктары бар же жогу белгисиз.

Маалымат каражаттары 2021-жылдын июлунда президент Жовенел Мойзе өлтүрүлгөндөн бери президенттик сарай бош турганын жазууда. 2010-жылдагы зилзалада имараттын көп бөлүгү талкаланган. Бул сарай Гаитинин федералдык бийлигинин символу болуп саналат жана 24 саат бою күзөттө турат.

France 24 телеканалы кабарлагандай, Порт-о-Пренстин көп бөлүгүн көзөмөлдөгөн топтор акыркы күндөрү негизги инфраструктурага, анын ичинде эки түрмөгө чабуул жасаган. Жыйынтыгында абактагы 3,800 туткун качып кеткен.

Куралдуу топтордун биринин лидери, мурдагы полиция кызматкери Жимми Шеризье премьер-министр Ариэл Анрини кызматтан кетүүгө чакырып келүүдө.

Гаитиде өзгөчө кырдаал жана түнкү коменданттык саат жарыяланды. Премьер-министр учурда Пуэрто-Рикодо. Коопсуздуктан улам анын Гаитиге кайтып келиши азырынча мүмкүн эмес. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG