Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Бишкекте хоккейден эл аралык мелдеш өтүүдө


Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы. Бишкек. 10-март, 2024-жыл.
Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы. Бишкек. 10-март, 2024-жыл.

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Таиланд курамасына 4:9 эсебинде жеңилди. Беттеш хоккей боюнча III-дивизиондогу дүйнө чемпионатынын (А группасынын) алкагында өттү.

Аталган мелдешке Кыргызстан, Мексика, Түштүк Африка Республикасы, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланддын командалары катышып жатат. Мелдеш борбор калаадагы "Бишкек-Арена" спорт комплексинде өтүүдө.

10-март күнү Кыргызстан -Таиланд курамаларынын беттешинен сырткары эки беттеш өттү. Биринчи оюнда Түштүк Африка Республикасынын курамасы Мексиканы 6:3 эсеби менен жеңсе, экинчи оюнда Люксембургдун хоккей курамасы Түркмөнстанды 4:3 эсеби менен жеңди.

Бүгүн 11-мартта мелдештин экинчи тур оюндары өтөт.

Оюндардын убактысы:

14:00: Түштүк Африка Республикасы - Түркмөнстан

17:00: Мексика - Таиланд

20:00: Кыргызстан - Люксембург

Эл аралык хоккей федерациясы (IIHF) хоккей боюнча дүйнө чемпионаттарын өлкөлөрдүн рейтингине жараша беш дивизионго бөлүп өткөрүп келет. Жогорку, биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү дивизиондо мелдештер А жана Б тайпаларында өтөт.

Буга чейин Кыргызстан төртүнчү жана үчүнчү дивизиондордо ойноп келген. Былтыр Босния жана Герцеговинада өткөн Дүйнө чемпионатынын III дивизионунун Б тайпасында жеңүүчү болуп, үчүнчү дивизиондун А тайпасына жолдом алган.

III дивизиондогу дүйнө чемпионатынын А группасынын оюндары 16-мартка чейин өтөт. Бул мелдештин жеңүүчүсү II дивизиондун Б группасына чыгууга мүмкүчүнчүлүк алат. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG