Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:48

Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган Кайназаров үч жылга кесилди


Кармалган шектүү Нурбек Кайназаров. УКМК тараткан сүрөт.
Кармалган шектүү Нурбек Кайназаров. УКМК тараткан сүрөт.

Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган Нурбек Кайназаровду Жалал-Абад шаардык соту күнөөлүү деп таап, үч жылга абакка кести. Мындай өкүм 19-январда чыкканын "Азаттыкка" Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кайназаров Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") менен күнөөлүү деп табылган. Анын жаза мөөнөтү 2023-жылдын 19-октябрынан башталып, жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында кармалат жана буга чейин абакта отурган ар бир күнү эки күнгө тете болуп эсептелет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2023-жылы 15-ноябрда Нурбек Кайназаровду Кыргызстанда массалык баш аламандыктарды уюштурууга чакырык жасаган деген шек менен Орусиянын Москва шаарынан кармап келгенин билдирген.

Ал Фейсбукта чагымчыл маалыматтарды жарыялап, массалык баш аламандыкка жана андан кийин бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды жасап турганы аныкталганын кошумчалаган

Айыпталуучу шаардык соттун өкүмүнө макул болбой, апелляциялык арыз менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган. Азырынча анын арызы сотто карала элек.

Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар катталып жатат. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG