Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

УКМК орусиялык ишкерге "Көлбаевдин тобун каржылаган" деп издөө жарыялады


Издөөгө алынган орусиялык ишкер Павел Тё. (УКМК тараткан сүрөт)
Издөөгө алынган орусиялык ишкер Павел Тё. (УКМК тараткан сүрөт)

Кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаевдин (К. Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен орусиялык ишкер, "Капитал Групп" компаниясынын ээси - Тё Павелге (кылмыш чөйрөсүндө "Паша Кореец" катары белгилүү) издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы 12-мартта тараткан маалыматка ылайык, Тё Павел "Братский круг" эл аралык кылмыштуу тобуна кирген орусиялык ири ишкерлердин бири. Ал "мыйзамдагы ууру" К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылап жүргөнү аныкталган.

"Тактап айтканда, П.Тё Кыргызстанда колдоо алуу жана биргелешип ишкерлик кылуу максатында кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрү - Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу жана анын "өкүл атасы" катары белгилүү Азим Рой (Руслан Чалдоварский) менен байланыш түзгөн. П.Тё Көлбаевдин кылмыш макамын билип жана түшүнүп туруп, ага Кыргызстанда кыймылсыз мүлк курууга каржылык жардам көрсөткөн", - деп жазылган маалыматта.

Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен Павел Тёге сыртынан камакка алуу чечими чыгып, соттун токтому менен издөө жарыяланган.

Азыркы учурда ишкерге эл аралык издөө жарыялоо максатында КМШ өлкөлөрүнүн аймагында да тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Былтыр октябрда Бишкекте уюшкан кылмыш тобунун анабашы аталган Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн. Атайын кызмат аны менен байланышта болгон, кылмыштуу топтун өкүлү деп шек саналган 40тан ашуун адам кармалганын, 1 миллиард долларлык актив камакка алынганын жарыяланган.

Уюшкан кылмыш топторуна тиешеси бар "220дан ашуун мамлекеттик кызматкер аныкталганын, көбү кызматтан алынганын" кабарлаган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG