Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Президент Жапаров ЕАЭБде соода жүргүзүүдө тоскоолдук күчөгөнүн айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 12-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев менен Бишкекте жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Тараптар Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кызматташуу, интеграция маселелерин талкуулаган.

“Президент бүгүнкү күндө тескерисинче биримдиктин ичинде өз ара соода жүргүзүүдө тоскоолдуктар күчөгөнүн баса белгиледи. Акыркы 7 жыл аралыгында биримдикке мүчө мамлекеттердин башчыларынын ар бири ички рыноктогу көйгөйлөр жөнүндө айтып келишкен, бирок алар чечилбей жаткандыгын моюнга алуу керек”, - деп айтылат басма сөз кызмат тараткан маалыматта.

Садыр Жапаров ЕАЭБ келишиминдеги товар, кызмат көрсөтүү, капитал жана жумушчу күч кыймылынын эркиндиги боюнча жоболор кыйынчылык менен ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Казак тараптагы ар кандай чектөөлөрдөн улам жүк ташууда байма-бай түйшүк жаралып келет.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) алгач 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG