Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Израил жана ХАМАС мунасага жакындай элек экени айтылды


Газа сектору.
Газа сектору.

Израил менен ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) Газа секторунда атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча мунасага жакындай элек экенин бүгүн 12-мартта сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылып жаткан Катар өлкөсүнүн өкүлү билдирди. France-Presse маалымат агенттигинин маалыматына караганда, Катардын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мажед ал-Ансари кырдаалды “өтө татаал” деп баалады.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу бир нече аптадан бери жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Алар Рамазан айы учурунда атышууну убактылуу токтотууга жетишүү аракетин көрүшкөн. Бул аракет, Мажед ал-Ансаринин айтымында, дагы эле уланып жатат.

Израил аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси ошондон бери сектордо 30 миңден ашуун палестиналык жай тургун, арасында аялдар жана балдар набыт кеткенин билдирүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG