Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:52

Райондук сот Кемпир-Абад иши боюнча маалымат берди


Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүүнү талап кылган акция. 2023-жыл, 17-март.
Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүүнү талап кылган акция. 2023-жыл, 17-март.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы Кемпир-Абад иши боюнча комментарий берди.

Мекеменин маалыматына караганда, 13-марттагы соттук отурумга шектүүлөр Темир Махмудов, Улукбек Маматаев жана Али Шабдандын адвокаты ооруп жатканына байланыштуу жараянга келбей калган. Судья Марат Сыдыков ишти алардын жактоочусу жок эле улантууну чечкен. Айыпталып жаткандар ага каршы чыгып, судья шектүүлөрдү сот залынан чыгарган. Ушундан улам кийинки отурум 20-мартка дайындалды.

Кемпир-Абад иши райондук соттун кароосуна 2023-жылдын 15-июнунда түшкөн. Ушул күнгө чейин иш боюнча жалпысынан 25 соттук отурум өткөрүлгөн. Бул убакыт ичинде соттук отурум айыпталуучулар сотко келбей калгандыктан жети, адвокаттар катышпай калгандыктан 14 жолу башка күнгө жылдырылган. Айыпталуучулардын иш менен толук таанышып чыгуу жөнүндө өтүнүчү менен үч ирет соттук отурум башка күнгө которулганы айтылды.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камакта жаткан сясатчылар судья Марат Сыдыковдун иш боюнча сот процессин мындан ары аптанын шаршемби, жума күндөрү өткөрүү чечимине нааразылыктарын билдиришти. Алар убактылуу кармоочу жайда жакындары менен жолугушуу үчүн бир айда ушул эки эле күндө уруксат берилерин, сот шектүүлөрдү жакындары менен жолугуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатканын айтышты.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активист 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG