Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

Орусиянын Белгород облусунда чабуулдар уланды


Белгород. Архивдик сүрөт.
Белгород. Архивдик сүрөт.

Орусиянын Украина менен чектеш тилкесиндеги Белгород облусу аткылоого кабылып, эки киши жараат алганын бүгүн 15-мартта облус башчысы Вячеслав Гладков билдирди. Андан мурдараак Коргоо министрлиги Белгород аймагында жапырт аткылоочу RM-70 "Вампир" реактивдүү системасынын жети снаряды атып түшүрүлгөнүн кабарлаган.

Шаар мэриясынын маалыматына караганда, беш жеке үй жана көп кабаттуу 14 үйдө 33 батир, он чакты автомашина талкаланды, мектеп имаратынын айнектери сынды.

«РИА Новости» маалымат агенттиги ракеталык чабуул куркунучунан улам Белгород шаарындагы шайлоо бекеттеринин биринде эскертүү берилип, шайлоочулар убактылуу баш калкалоочу жайга киргизилгенин, 15 мүнөттөн кийин эскертүү алынып, добуш берүү уланганын билдирди.

Орусия бул чабуулдар үчүн Украинаны айыптоодо. Украин аскерлери комментарий бере элек.

Белгород облусу аткылоого буга чейин да кабылган, соңку күндөрү чабуулдар күчөдү. Аймактын жетекчилиги Грайворон районунан 400 киши эвакуация болгонун 14-мартта билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG