Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Садыр Жапаров мечитке барып, кызамык оорусу күч алганын айтты


Президент Садыр Жапаров (сол жакта, муфтийдин жанында) Борбордук мечиттеги ооз ачарлыкта. 15-март, 2024-жыл.
Президент Садыр Жапаров (сол жакта, муфтийдин жанында) Борбордук мечиттеги ооз ачарлыкта. 15-март, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров 15-марттын кечинде Бишкектеги Имам Сарахси атындагы Борбордук мечитке барып, шам намазын окуду жана мечитке келгендер үчүн ооз ачар өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Мамлекет башчысы андагы сөзүндө бардык мусулмандарды ыйык Орозо айы менен куттуктап, дин боюнча маалыматтарды атайын илими бар аалымдардан алууга чакырды.

Жапаров өлкөдө жаш балдар арасында кызамык оорусу күч алганына тынчсыздануусун билдирип, статистика боюнча ооруган балдардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр экенине көңүл бурду. Президент буга байланыштуу балдардын саламаттыгы үчүн ооруларды алдын алууда эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин белгиледи.

СССРдин аймагында 1963-жылдан бери кызамыкка каршы эмдөө жүргөндүктөн Кыргызстан эгемендик алган жылдары бул ооруну жугузгандар көп катталган эмес жана өлүм учурлары да саналуу болчу. Диний ишенимдерден улам вакцинадан баш тартуу 2012-жылдан башталган. Анын кесепетинен улам 2014-2015-жылдары Кыргызстанда кызамыкка кабылган 17 миң учур катталып, кескин көбөйүп кеткен. Натыйжада ири эмдөө кампаниясы жүргөн.

2018-2019-жылдары да кызамыкты жуктургандар кескин жогорулап, жылына 2000 учур катталган жана кайрадан эмдөө күчөтүлгөн.

2020-жылкы коронавирус пандемиясы дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда пландуу эмдөөгө кедергисин тийгизген жана анын айынан 2023-жылы көп өлкөлөрдө кызамык кайрадан күч алган. Кыргызстанда кызамык оорусу былтыр жылдын башында кайрадан башталган.

2023-жылы Кыргызстанда илдеттин жалпы 7046 учуру катталып, андан тогуз бала оорудан чарчап калган. Арасында беш айлык ымыркай бар. 2024-жылдын 1-январынан 12-мартка чейиг өлкөдө кызамыктын 5446 учуру катталды.

Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) колдоосу менен былтыр дароо ири эмдөө өнөктүгүн баштаган. Вакцинациялоо быйыл да улантылып жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелер түрдүү себептер менен эмдөөдөн баш тартканы себеп болгонун белгилеп жатат. Министрликтин маалыматында, Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткен, алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганын айткан. Ушундан улам министрлик Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, муфтияттын өкүлдөрү менен кызамык жана ага каршы вакцина тууралуу талкуу жүргүзүп, дин өкүлдөрүнөн бул жаатта маалымат таратууга көмөктөшүүнү суранып келет.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG