Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:22

Ырчы жана активист Аскат Жетиген кармалды


Аскат Жетиген
Аскат Жетиген

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 16-мартта ырчы, акын жана активист Аскат Жетигенди кармап, 48 саатка камакка алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Венера Буудайбекова билдирди.

Жактоочунун айтымында, атайын кызмат ырчыны Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген.

Венера Буудайбекова түшүндүргөндөй, УКМК ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам “бийликти басып алууга чакырык жасалган” деп шек санап, 2022-жылы кылмыш ишин козгогон. Аскат Жетиген ага байланыштуу бир нече жолу сурак берип чыккан. Тергөөчү ырчы сөздөрүнө байланыштуу экспертизалык корутундунун негизинде кармалганын айткан.

Атайын кызмат бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Ырчы-обончу айрыкча “Зарыкканда” деп аталган ыры менен белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинде казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган. Акыркы ирет 2024-жылдын 15-мартында кайрылуу жасап, бийликти каарып-сөккөн билдирүүлөрүн жарыялаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG