Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:47

ИИМ санитардык полигонго тосмо коюуда мыйзам бузулганын билдирди


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкек шаарынын санитардык полигонунун айланасына бетон тосмо орнотуу үчүн тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу аныкталганын билдирди. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголду.

Милициянын маалыматына караганда, подрядчы курулушка эски материалдарды колдонгондуктан, иштин сапаты талапка жооп бербейт. Мындан улам "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке 22 миллион 324 миң сомдон ашык зыян келтирген.

2022-жылдын январында "Бишкек санитардык полигону" ишканасы бетон тосмолорун орнотуу үчүн сынак жарыялаган. Буга Бишкек шаарынын мэриясы 22 320 000 сомдон ашык каражат бөлгөн.

Сынакка катышууга эки компания арыз берип, "АБК Голд" ишканасы жеңген. Декабрда келишим түзүлүп, тосмо орнотуу иштери башталган. Келишимге ылайык, иш 60 күндө бүтүшү керек эле.

Бирок, иш толук бүтпөгөндүктөн, тараптар кабыл алуу актысына кол коюша элек.

"Бишкек санитардык полигону" буга азырынча комментарий бере элек. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG