Жергиликтүү бийлик чек арадагы калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар кандай чыңалуулардын алдын алуу аракетин көрүүдө.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык топторунун жолугушуусу өткөн аптада Тажикстандын Бустон шаарында өткөн.
Анда эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топко калган тилкелерде мамлекеттердин чек ара линиясын мындан ары аныктоо үчүн ишти улантуу боюнча так тапшырмаларды беришкени кабарланган.
Жолугушуудан кийин тараптар дагы 11 чакырымга жакын чек ара сызыгы боюнча мунаса жетишилгенин жарыялаган.
Расмий маалыматтарда кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөрү жазылган.
Ушу тапта чек араны тактоо иштери Баткен районунун Тажикстан менен чектеш участокторунда жүрүп жатканын район акими Учкунбек Жоробаев ырастады.
Бул райондо чек аранын Ак-Сай, Көк-Таш, Көк-Терек, Төрт-Көчө, Таш-Тумшук, Мазеиттин жери, Арык-Асты, Головной сыяктуу эң оор тилкелери бар. Мурда чек арадагы жаңжалдар ушул аймактарда көп катталган.
"Азыр чек араны аныктоо боюнча жумушчу топ жеринде иштеп жатат. Биз, жергиликтүү бийлик, элге чек арадагы маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, күнүмдүк тиричилик маселелери жаралса, дароо чечип жатабыз. Чек аралаш аймакта туруктуулукту кармоо боюнча мурдатан эле иштер жүрүп келген. Азыр жазгы талаачылык, сугатка даярдык үзгүлтүксүз жүргөн кезде кошуналар менен талаш чыкпасын деп иштеп жатабыз. Эл да түшүнүп калды. Азыр жашоочулар баары кандай абал болсо да чек ара такталып, маселеге чекит коюлуп, тынчтык болсун деп турат".
Эки тараптын буга чейин жарыялаган маалыматтарында, акыркы беш айда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын 208 чакырымдан ашыгыраагы боюнча орток пикир табылган.
Тараптар Лейлек районунун Кайрагач айылынан баштап Кулунду, Максат, Арка, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жер, Жийделикке чейинки айылдардын тушундагы такталбаган тилкелер жана Баткен районунун чектеш аймагындагы Карабак, Лаккон боюнча, үч мамлекет кесилишкен чекке чейин чек ара макулдашылганын ырастаган.
Эки өлкө чек арасындагы тактала элек делген 10 пайыздай тилке Баткен районунун аймагына карайт. Бул участоктор - чек арадагы эң чырлуу жана татаал жерлер. Укук коргочу Хаитали Айкынов эл дагы ушул тилкелер кантип такталат деп күтүп жатканын айтты:
"Жумушчу топтор Ак-Сайдын айланасы, Ворухка барган жол, Таш-Тумшук сыяктуу эң чырдуу, талаштуу, оор жерлерге келишти. Саясий чечим болобу же алмашууга барышабы - чечилиши керек. Кандай болсо да чечилиши керек. Эми ушул темп менен жакшы иштешсе, баарын аякташат. Анткени эл да чырдан тажап, кандай болсо да, негизги кызыкчылыктар эске алынып чек ара чечилсе болду деп турушат".
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өткөн жылдын соңунда 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын белгилеген.
Бирок чек ара талашы жыл өткөн сайын татаалдашып кеткени жергиликтүү калкты да тажаткандай.
Самаркандек айыл аймагынын тургуну Жамила кандай болсо да чек араны тактоо иши соңуна чыгып чекит коюлса деген ниетин билдирди:
"Качанкыга чейин чек араны аңдып, эмне болуп кетет экен деп кооптонуп жашайбыз? Бир жаңсыл болуп тездетип чечилип бүтсө экен деп турабыз. Чек ара чечилсе, турмушубузда да өзгөрүүлөр болуп, тынчтык, коопсуздук тууралуу ойлонбой башка ишибизди кылат элек".
Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолуккан маалда 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын билдиришкен. 2024-жылы февраль айында акыркы төрт айда 196 чакырым, андан кийин 11 чакырым такталганы боюнча маалымат расмий жарыяланган.
Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы толук такталбагандан улам эки өлкө кесилишкен жерлерде мурда да чыр-чатактар болуп турган. Эң ири жана көп курмандыктарга алып келген жаңжалдар 2021-жылы апрель-май айларында жана 2022-жылы сентябрда катталган. Биринчи ири жаңжалдан кийин Кыргызстан делимитациялоо жана демаркациялоо иштери толук аяктаганга чейин чек арасын бир тараптуу жапкан.