Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Прокурор Мадумаровду күнөөлүү деп таап, жазадан бошотууну сураганы кабарланды


Адахан Мадумаровду Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алып келген учур. 1-февраль, 2024-жыл.
Адахан Мадумаровду Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алып келген учур. 1-февраль, 2024-жыл.

19-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурумда тараптардын жарыш сөзү башталды.

Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Кубанычбек Туманов билдирип, прокурор соттон Адахан Мадумаровду коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен ишти кыскартууну суранганын айтты. Мамлекеттик айыптоочулар азырынча комментарий бере элек.

“Биз кылмыш ишинин мөөнөтү эскиргенин башынан эле айтып келатабыз. Сотто биз да жарыш сөздү баштадык. Кийинки жумада сот уланат. Адвокаттар жана Адахан Кимсанбаевич жарыш сөздү айтып бүтсө, акыркы сөз берилет. Биз Адахан Кимсанбаевич соттун өкүмү менен акталат деп ишенебиз”, - деди ал.

Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев да шек саналып жатат.

Мадумаровду 2023-жылы 2-сентябрда Бишкекте жашы жете элек уулунун көзүнчө милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери кармап кеткен. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат.

Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG