Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

"Чек арасыз кабарчылар" (RSF) уюму Kloop боюнча сот чечимин кубаттады


Эл аралык "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) уюму Kloop.kg сайтын жабуу жана ага негиз болгон материалды өчүрүү тууралуу Маданият министрлигинин чечимин жокко чыгарган сот чечимин кубаттады. Уюмдун бул тууралуу билдирүүсү Х соцтармагына (Твиттер) жарыяланды.

RSF билдирүүсүндө Бишкек шаарынын прокурору Эмилбек Абдыманаповду "Клооп Медиа" коомдук фондун жабуу тууралуу арызын кайтарып алууга чакырган.

Бишкектин административдик соту 18-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин kloop.kg сайтын жабуу жана ага негиз болгон материалды өчүрүү тууралуу чечимин жокко чыгарды.

18-марттагы сот чечими Клооптун былтыр 12-сентябрда бөгөттөлгөн орус тилиндеги сайтына гана тиешелүү, ал эми ноябрь айындагы кыргыз тилиндеги сайтты бөгөттөө чечимине тиешеси жок.

“Клооптун” орус тилиндеги сайты 12-сентябрдан тартып жабылган. Ага “Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды” деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал “чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет” деп Маданият министрлигине кайрылган.

Маданият министрлиги ноябрь айында ушул эле материалга байланыштуу “фейктер жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде “Клооптун” кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөгөн.

“Клооп” бул чечимдерге макул эмес экенин билдирип келет.

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Медианы жабуу арызы менен шаардык прокуратура сотко кайрылган.

Kloop 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. Ал ушул тапта да ишин улантып жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG