Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Акыйкатчы институту Сокулукта 13 жаштагы кыз зордуктоого кабылганын билдирди


Зомбулукка каршы өткөн акциядагы плакат. Бишкек. 2022-жыл.
Зомбулукка каршы өткөн акциядагы плакат. Бишкек. 2022-жыл.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бир жылдай тогуз эркек зордуктап жүргөн 13 жаштагы кыздын укугун коргоо үчүн Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилигине кайрылуу даярдап жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Омбудсмен институтуна 20-мартта 13 жаштагы кызынын укугун коргоо өтүнүчү менен анын ата-энеси даттанган. Алар Сокулук районунда секелек кызын өткөн жылдын апрель айынан бери 19-22 жаштардагы тогуз бала зордуктап жүргөнүн айтып берген.

“Бул окуядан кийин кызымдын жашоосу талкаланды. Аны мектептин же үйдүн жанында жигиттер аңдып, коркутуп-үркүтүп, машинага отургузуп кетип жүрүшкөн. Ата-энеңе айтабыз деп коркутуп зордукташкан. Кызымды тогуз жигит колдон-колго өткөрүп беришкен. Алар бир жыл бою кызымды коркутуп-үркүтүп эч кимге айттырбай зордуктап жүрүшкөн" деп апасы кызынын кандай кордук көргөнүн ыйлап айтып берди”, - деп айтылат институттун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, "Сокулукта мындан башка жашы жете элек эки кыздын кош бойлуу экени аныкталган. Алардын бири - 13 жаштагы кыз менен зордуктоого шектүү нике кыйдырган. Экинчисинин ата-энеси миграцияда болгондуктан, таенеси менен жашайт".

"Акыйкатчынын тапшырмасы менен кыздын ата-энесине акысыз жактоочу берилди, ошондой эле кызга жана анын үй-бүлөсүнө психологиялык жардам көрсөтүү чаралары көрүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталып, Борбор Азия өлкөлөрүнөн эң артта жайгашты. Былтыр октябрда жарыяланган индексте аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жашоосуна катышы, укуктук дискриминация, билим берүү, саламаттык сактоо, жумуш менен камсыздоо жана зомбулук тобокелдиктери сыяктуу критерийлер эске алынган.

Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук фактылары утур-утур катталып келет. Былтыр сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү 36 жаштагы Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кескилеп салган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган.

Былтыр Ички иштер министрлигине түшкөн үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 10 миңдей маалымат ырасталып, коргоо ордери берилген. Милициянын маалыматына ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук фактысында 95% жабырлануучулар аялдар болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG