Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Ош мэриясы Өзбекстандан 100 даана автобус сатып алды


Ош шаарына алынып келинген автобустар
Ош шаарына алынып келинген автобустар

Өзбекстандан сатып алынган автобустардын ар бири 89 миң 500 (АКШ) долларынан бааланган. 21-мартта автобустардын ачкычын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды. Коомдук автоунаалар Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылык лизинг аркылуу алынган.

«ISUZU SAZ LE 60» үлгүсүндөгү автобустар Өзбекстандын «СамАвто» заводунан чыгарылган.

Ош мэриясы шаарда автобустар жетишсиз экенин айтып келген. 2022-жылы Өзбекстандан 50 автобус сатып алынган.

2017-жылы Орусиядан "ЛиАЗ" үлгүсүндөгү 30 автобус сатып алынып, учурда анын 18и иштеп жатат.

Жергиликтүү бийлик жүргүнчүлөрдү ташыган автобустарды көбөйтүү менен шаардагы жол тыгынын азайтуу аракетин көрүп жатканын билдирген.

Азыр жаңы автобустарга айдоочулар жетишсиз болууда. (DSh)

XS
SM
MD
LG