Кыргызгидромет агенттиги 21-марттан 24-мартка чейин жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жолдордо кар көчкү жана кар күрткү коркунучу бар экенин эскертти. Нөшөрдөн улам Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
22-мартта өлкөнүн дээрлик бардык жеринде мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан жел согуп турат, Ысык-Көл акваториясында шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 6...11,
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 5...10,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 11...16,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...5, күндүз 6...11,
Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13, күндүз -1...-6°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 6…8, күндүз 9…11°.