Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Киевде "тынчтык формуласын" талкуулаган жыйын өттү


Жейк Саливан.
Жейк Саливан.

АКШнын Украинадагы элчиси Брижит Бринк Киевде бир нече өлкөнүн улуттук коопсуздук кеңешчилеринин жыйында Орусия менен согушту токтотуу үчүн украин тарап сунуш кылган "тынчтык формуласы" талкууланганын билдирди.

Жолугушуу тууралуу маалымат алдын ала жарыяланган эмес. Жолугушууну утурлай АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливан Киевге күтүүсүз жерден барган.

Элчи Бринк 21-мартка караган түнү Орусиянын Киевге ракеталык чабуулун Украинанын баш калаасында кеңешчилердин жолугушуусуна "жооп" деп атады. Москва сокку Украинанын куралдуу күчтөрүнүн “чечим кабыл алуу борборлоруна” жасалганын билдирген.

"Тынчтык формуласын" талкуулаган жолугушуу Киевде биринчи жолу өттү. Жыйынга кайсыл мамлекеттин өкүлдөрү катышканы тууралуу маалымат жарыялана элек.

Салливан Киевде туруп АКШ Украинанын жеңишине ишенерин айтып, Конгресс Киевге берилчү 60 млрд доллар жардамды жакын арада бекитерине көзү жетерин билдирди.

22-мартка караган түнү Орусия Украинанын аймагындагы энергетика тармагына жапырт сокку урганы маалымдалган. Кремль да бул чабуулга комментарий бере элек.

Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканына 24-февралда туура эки жыл болду. Орус армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку уруп келет. (AiA)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG