Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:07

Өзбекстан Борбор Азиядагы эң бактылуу өлкө деп таанылды


Өзбекстандык карыянын маанайы.
Өзбекстандык карыянын маанайы.

World Happiness Report жарыялаган бактылуулук рейтингинде 143 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 75 - орунду ээледи.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүчтү ээлеген Өзбекстан 47-орунга чыкты. Казакстан 49-орунда, Тажикстан 88-орунда турат. Түркмөнстан рейтингге кирген эмес.

БУУ, Gallup жана Оксфорддун бакубаттуулугун изилдөө борбору түзгөн жылдык рейтингде Финляндия жетинчи жолу катары менен эң бактылуу өлкө аталды. Ошондой эле алдыңкы ондукка Дания, Исландия, Швеция, Израиль, Нидерландия, Норвегия, Люксембург, Швейцария жана Австралия кирген.

Бул жолку баяндамада бактылуулукту кишилердин курагы боюнча талдап чыгышкан. Окумуштуулар дүйнө жүзүндө адамдар карыган сайын бактылуулуктун орточо деңгээли акырындык менен төмөндөй берерин аныкташкан.

Индексти түзүүдө калктын жан башына ИДӨ (ички дүң өндүрүм), калктын социалдык жактан колдоо деңгээли, орточо жашоо узактыгы, жарандардын эркиндигин урматтоо, жумуш менен камсыз кылуу, коррупциянын деңгээли эске алынган.

Бириккен Улуттар Уюму 20-мартта белгилене турган Бүткүл дүйнөлүк бакыт күнүн утурлай 2012-жылдан бери “Бактылуулук индексин” жарыялап келет. Аны түзүүдө негизги критерий катары өлкөдөгү социалдык шарттар, мамлекеттин камкордугу, өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн деңгээли, орточо өмүр узактыгы, эркиндик, жарандардын кирешеси, коррупция сыяктуу жагдайлар эске алынган. Акыркы беш жылдан бери Финляндия биринчиликтен түшпөй келет.

2011-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы резолюция кабыл алып, өлкөлөрдү өз элинин бактылуулугун баалоого жана аны саясатта эталон катары колдонууга чакырган. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG