Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Бишкекте "Крокус Ситиде” каза болгондор эскерилүүдө


Бишкектеги Орусиянын элчилиги. 23-март, 2024-жыл.
Бишкектеги Орусиянын элчилиги. 23-март, 2024-жыл.

Кыргызстандагы Орусиянын элчилигинин алдында Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холлдо" кол салуудан каза болгондор эскерилүүдө. Элчиликтин имаратынын астына шаардыктар гүл коюп жатышат.

Орусиянын шаарларында кол салуунун курмандыктары эскерилүүдө. Андан тышкары Париж, Таллин, Вена, Ташкент, Кишинёв баштаган дүйңөнүн ири шаарларында адамдар маркумдарды эскерип, гүл коюп, шам жагып жагышууда.

Красногорск шаарындагы "Крокус Сити" концерттик залындагы кандуу окуядан каза болгондордун саны алтымыштан ашты. Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев 115 адам ооруканага жаткырылганын, анын бешөө балдар экенин айтты.

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырды.

"Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террористтик тобу алганы тууралуу билдирүү пайда болду. ЖМКга чыккан бул билдирүүнүн чындыгы күмөн санатууда. Бирок CBS жана New York Times атын атабаган булактарга таянып, АКШнын чалгын кызматы "Ислам мамлекети" тобунун Москвага кол салуусуна катышы бардыгын айтып жатышканын, Орусияга алдын ала теракт болушу мүмкүн деген маалыматтарды бергенин жазышты. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG