Саламаттыгына байланыштуу 7-февралда үй камагына чыккан саясатчы Бектур Асановго Түркияда операция жасалды.
Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова маалымдады. Анын айтымында, моюн, бел омурткаларына жасалган оор операция он сааттан ашык созулду. Учурда саясатчы жандандыруу бөлүмүндө.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган Асановго 19-марттан 19-апрелге чейин Түркияда дарыланып келүүгө уруксат бергенин саясатчынын адвокаты Кантемир Турдалиев 18-мартта "Азаттыкка" маалымдаган.
9-январда “кемпир-абадчылар” ден соолугу начарлап жаткан Бектур Асановду ооруканага которуу талабы менен "ачкачылык жарыялап, соттук отурумдан баш тартарын” эскертишкен. №1 тергөө абагында жаткан Бектур Асанов 10-январда Улуттук госпиталга жаткырылып, 15-январда анын моюн омурткаларына операция жасалган.
Ал 30-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо мекемесине которулган. Абалы жакшырбаганына байланыштуу сот 7-февралда аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. Жакындары саясатчынын абалы оор экенин билдиришкен.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын тогузу тергөө абагында калды. Калганы түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.
Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (TSh)