Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Элчилик дайыны чыкпай жаткан эки кыз жөнүндө маалымат таратты


"Крокус Ситиде" жүргөн ӨКМ кызматкерлери. Орусия. 23-март, 2024-жыл.
"Крокус Ситиде" жүргөн ӨКМ кызматкерлери. Орусия. 23-март, 2024-жыл.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги “Крокус Сити Холлдогу” окуядан кийин дайыны жок делген эки кыздын жакындары менен байланышта экенин билдирди. Элчиликтин маалыматы боюнча, алардын аты-жөнү Орусиянын расмий органдарынын кандуу окуяда жабыркагандар тизмесинде жок.

Элчилик окуядан кийинки биринчи сааттарда жарыяланган жабыркагандар жөнүндөгү тизмеде жүргөн эки кыргызстандык менен байланышкан. Алардын жараат алганы аныкталган эмес. Учурда элчилик “Крокус Сити Холлдогу” окуяда кыргызстандыктардын бар-жогун тактоо иштерин улантып жатат.

Социалдык тармактарда "Крокус Сити Холлдо” иштеген эки кыргызстандык кыз изделип жатканын жазышууда.

Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кандуу окуяда каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 115ке жетти. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети кабарлады. Мекеме курмандыктар саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирүүдө.

Алдын ала маалыматта каза тапкандарга ок тийген, айрымдары ышка ууланышкан. Москва облусунун Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон 40 адамдын аты-жөнүн, туулган жылын тактады. Мекеме 140 киши жабыркаганын кабарлады. Айрым медиа каражаттары 180ден ашык киши жараат алганын жазып жазышууда.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башчысы Александр Бортников президент Владимир Путинге "Крокус Ситидеги” кол салууга шектүү 11 киши кармалганы жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Кремлдин пресс-кызматына таянып жазды.

Алар Брянск облусунда кармалышкан. Федералдык коопсуздук кызматы кол салуу дыкат даярдалганын билдирди.

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган. Орусиянын Тергөө комитети окуяны "теракт" деп атап, кылмыш ишин козгоду. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG