ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:09

Украинанын Чалгын кызматы Путиндин сөзүн четке какты

"Крокус Ситинин” алдындагы орус полициясы. 22-март, 2024-жыл.
"Крокус Ситинин” алдындагы орус полициясы. 22-март, 2024-жыл.

Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгын башкармалыгы орус президенти Владимир Путиндин "Крокус Ситидеги” окуяга шектүү чек араны өтүүдө “украин тараптан даярдалган жол болгон” сөзүн четке какты.

Чалгын башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов Путиндин версиясы суу кечпейт турганын айтты. Юсов Орусия Украинага согуш ачкан үч жылдан бери чек ара аймактарында армия, атайын тыңчы, атайын кызматтын өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнө толуп турарын айтып, чек сызыктарында мина коюлганын жана аэрочалгын баштаган бардык жабдыктар менен эки тарап тең көз салып турарын билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин 23-мартта, түштөн кийин телекайрылуу жасап, шектүүлөр Украинаны көздөй баратканда кармалганын, аларга чек арадан өтүп кетүүгө “жол” даярдалганын билдирген. Бирок анын чоо-жайына токтолгон эмес.

Буга чейин Украинанын президентинин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Орусиядагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон кандуу кол салууга Киевдин эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башчысы Александр Бортников президент Владимир Путинге "Крокус Ситидеги” кол салууга шектүү 11 киши кармалганы жөнүндө маалымат берген.

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган. Кандуу окуяда каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 133кө жетти.

​
XS
SM
MD
LG