Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:02

Шеремьетеводо кыргыз жарандары Орусияга кире албай кармалып турганын билдиришти


Орусиянын "Шереметьево" аба майданы, 24-март, 2024-жыл.
Орусиянын "Шереметьево" аба майданы, 24-март, 2024-жыл.

Орусиянын аба майдандарында Кыргызстандан учуп барган мигранттар эки күндөн бери эч жакка чыгарылбай кармалып турат. Маалыматты “Шереметьево” аба майданында кармалып тургандардын бири ырастады.

“Биз кечээ Бишкектен учуп, Орусиянын убактысы боюнча кечки саат 18:40та Шереметьевого келип кондук. Бул жакта биздин паспортторубузду бүт жыйнап алып, өзүбүздү бир бөлмөгө киргизип коюшту. Телефондорубузду да төрт сааттап текшерип, бербей кыйнашты. Бармагыбыздын мөөрүн алып, сөгүп-сагып, мажбурлап жатып кандайдыр бир кагаздарга кол койдурушту. Бир суткадан бери ачка отурабыз. Эч нерсе берген жок, жадагалса суу беришпеди. Кылмышкердей кылып бир бөлмөгө камап салган. Бир бөлмөдө ондон ашуун кыргыздар отурабыз, башка бөлмөлөрдө да бар. Башында “кошумча текшерүү иштери” деп түшүндүрүп жатышкан, кийин сурасак урушуп эле эч нерсе айтпай калышты. Элчилик менен байланышканбыз, алар “жардам бере албайбыз” деп койду”, - дейт “Шереметьево” аба майданында кармалып турган кыргыз жарандарынын бири.

Маалыматтарга караганда, ошол жерден кайра артка учкандар да бар. Аба майданда калгандар учак билетинин баасы соңку эки күндөн бери 60 миң сомго чыгып кеткенин айтып жатышат.

Азыр аталган аэропортто канча кыргызстандык жаран чыга албай турганы тууралуу так маалымат жок.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги жооптуу кызматкерлер бул маселе менен алектенип жатышканын маалымдады.

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган. Кандуу окуяда каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 133кө жетти.

Окуяга байланыштуу Орусиянын күч түзүмдөрү өлкө аймагында коопсуздук чараларын күчөткөн. Мындан улам мигранттарды да текшерүүлөр күчөйт деген кооптонуулар айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG