Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:58

Бишкекте милиция соода жайларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө


Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Бишкектеги соода борборлорунун жана оюн-зоок комплекстеринин жетекчилери менен жолугушту, 24-март 2024-жыл.
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Бишкектеги соода борборлорунун жана оюн-зоок комплекстеринин жетекчилери менен жолугушту, 24-март 2024-жыл.

24-март күнү ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Бишкектеги соода борборлорунун жана оюн-зоок комплекстеринин администраторлору, ээлери жана жеке күзөт ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Жолугушууда жарандар көп эс алган жайларда кылмыштуулуктун жана куралдуу зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу маселеси талкууланды.

Укук коргоо органдары Жакынкы Чыгыштагы, Москва облусундагы “Крокус Сити Холлдун” концерттик залындагы кандуу окуялар жана алардын кайгылуу кесепеттери тууралуу эскертишти.

Соода борборлорунда, мекемелерде жана уюмдарда кылмыштар менен зомбулук актыларын болтурбоо үчүн бир катар иш-чараларды аткаруу сунушталды.

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган.

Кол салууда каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 133кө жетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG