Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:20

Венгрияда раллидеги автокырсыктан төрт кишинин өмүрү кыйылды


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Венгрияда ралли жарышында кырсык болуп, төрт кишинин өмүрү кыйылды. Окуя өлкөнүн түндүгүндөгү Комаром-Эстергом аймагында Лабатлан жана Байот шаарларынын ортосундагы тилкеде бүгүн 24-мартта болгону, жарышка катышып жаткан машиналардын бири трассадан чыгып кетип, четте турган көрүүчүлөрдү барып сүзгөнү маалымдалды.

Жети киши жараат алды. Кырсыкка эмне себеп болгонун тийиштүү органдар териштирип жатышат.

Раллинин жалпы аралыгы 440 чакырым болчу. Кырсыктан улам мындан аркы жарыш токтотулду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG