Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:03

ТИМ кыргызстандыктарды зарыл иш болбосо Орусияга барбай турууга чакырды


"Крокус Сити Холл" концерттик залы кол салуудан кийин. 22-март, 2024-жыл.
"Крокус Сити Холл" концерттик залы кол салуудан кийин. 22-март, 2024-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” борборундагы куралдуу кол салуудан кийинки антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырды. Бул тууралуу министрликтин Консулдук департаментинин башчысынын орун басары Бакыт Кадыров "Азаттыкка" билдирди. Ал Орусия чек арадан кирип-чыккан жарандарды текшерүүнү күчөткөнүн кошумчалады.

"Учурда Орусия антитеррордук иш-чараларды жүргүзүп жатат. Өлкөгө кирип-чыгууда чек арадан өткөндөрдү текшерүү күчөдү. Ошондуктан элчилик биз тараптан Орусияга кирүүнү алдын ала пландап, зарыл иштери болбосо барбай турууну сунуштайт, бул тууралуу бардык диаспоралык уюмдарга маалымат таратылып жатат. Антитеррордук иш-чаралар канча убакытка чейин жүрөрү боюнча бизде маалымат жок. Кээ бир жарандар "кара тизмеде" же буга чейин укук бузган болсо өлкөгө киргизилбей жатат", - деди Кадыров.

ТИМдин өкүлү элчилик жана министрликтин ыкчам номурлары күнү-түнү иштеп жатканын кошумчалады.

Орусиянын Тергөө комитетинин акыркы маалыматына караганда, концерттик залдагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны 137ге жетти, жараат алгандар 187 киши.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” деп аталган борборго кеминде төрт куралчан адам кирип барып, концерт көргөнү барган адамдарды аткылай баштаган.

Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган.

Орусияда 24-март Аза күтүү күнү деп жарыяланып, каза болгондорду эскеришкен.

Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын” маалымдады.

Ички иштер министрлиги кармалган төрт киши тең чет элдик экенин маалымдады, бирок кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактаган жок. Аларды Москванын Басман райондук соту эки айга камакка алды.

Орус бийлигине жакын бир катар Телеграм-каналдар жана саясатчылар кармалгандар Тажикстандын жарандары же орус паспорту бар тажик улутундагы адамдар экенин жазып жатышат. Москва расмий түрдө андай маалымат бере элек.

Бул окуядан кийин Москвада мигранттарды текшерүү күчөдү. 23-мартта “Шереметьево” аэропортуна учуп барганда кармалып, коё берилбей жатканын айрымдары “Азаттыкка” айтып беришкен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG