Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Таласта токойдон чыккан өрт 26-мартка караган түнү өчүрүлдү


Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагына тиешелүү токойдон чыккан өрт.
Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагына тиешелүү токойдон чыккан өрт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагына тиешелүү токойдон чыккан өрт 26-мартка караган түнү толук өчүрүлгөнүн билдирди. Өрт чалган 25-30 гектар аянтты өчүрүүгө жалпы үч бөлүм тартылган.

Тилсиз жоодон жабыркагандар жана жаракат алгандар жок. Өрт эмнеден улам чыкканы азырынча белгисиз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын 11 айында Кыргызстанда 3 116 өрт кырсыгы катталып, 29 адам каза болуп, жалпы 1 млрд сомдон ашык чыгым алып келген. (MKt)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG