Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Футбол: Бишкекте Кыргызстан менен Кытай Тайбэйи беттешет


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. Архив сүрөт.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. Архив сүрөт.

Бүгүн, 26-мартта 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Бишкек шаарында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытай Тайбэйи менен беттешет.

Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Мунун алдында ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү балдар ошол күнү оюнчуларды оюн талаасына коштоп чыга турганын, бул окуя Кыргызстандын Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияга кошулганынын 30 жылдыгына туш келерин билдирген.

Эки улуттук курама команда 21-мартта Гаосюн шаарынын "Наньцзы" стадионунда беттешип, анда кыргызстандык оюнчулар 0:2 эсеби менен утуп алган.

2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт. Кыргызстан ар бир атаандашы менен өз талаасында жана алардын мекенинде беттешет.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШ, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталган. 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Азиядан сегиз команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат. Кыргызстан курама командасы экинчи этаптан мелдешке катышып жатат. Мында 36 курама тогуз тайпага бөлүнүп ойнойт. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG