Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Орусия: Кол салуудан кийин жоголгон кыздарга ДНК экспертиза дайындалды


Куткаруучулар жеринде иштеп жатат.
Куткаруучулар жеринде иштеп жатат.

Москвадагы теракттан кийин жоголгон 20 жана 24 жаштагы кыргызстандык кыздарга генетикалык экспертиза (ДНК) дайындалганын туугандары "Азаттыкка" билдиришти.

"Аларды кафеден чыгарышкан экен. Бирок экөө "курткабыз менен телефонубуз калды" деп кайра кириптир. Ошол бойдон жок. Жанындагылар ушинтип айтышты. Башында беш-алтоо болуп сыртка чыгышкан экен. ДНКсын полицияга бердик, жообун күтүп отурабыз", - деди кыздардын жакындарынын бири.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жана Москвадагы элчилик “Крокус Сити” борборундагы куралдуу кол салууда каза тапкандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогун тактоону улантууда.

Министрликтин Консулдук департаментинин өкүлү каза болгондордун тек-жайын аныктоо кыйын болуп жатканын, набыт кеткендердин расмий жарыяланган тизмесинде кыргызстандыктардын аты-жөнү жоктугун билдирген.

Акыркы маалыматтарга ылайык, каза болгон 139 кишинин 70ке жакынынын тек-жайы такталды.

22-мартта Москванын чет жакасындагы "Крокус Сити" борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон. Андан кийин борбордон өрт чыккан. Урандыларды тазалоо, жоголгондорду издөө иштери уланып жатат.

Федералдык коопсуздук кызматы элди аткылоого шек саналган 11 киши кармалганын, алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын” маалымдаган. Төртөө тең Тажикстандын жараны экени аныкталды, алар эки айга камакка алынды. (SE\AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG