Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

БУУнун Коопсуздук кеңеши Газадагы ок атышууну токтотууну талап кылды


БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланууда. 25-март, 2024-жыл. Нью-Йорк.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланууда. 25-март, 2024-жыл. Нью-Йорк.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 25-марттын кечинде Газа тилкесиндеги ок атышууну дароо токтотууну талап кылган резолюция кабыл алды. Документте ошондой эле ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун барымтасындагы израилдик туткундарды бошотуу талабы да камтылган.

Резолюцияда БУУ жаатташкан тараптардан мусулмандардын ыйык Орозо айында ок атышууну токтото турууну талап кылат. Аны Коопсуздук кеңешинин он мүчөсү даярдап, Мозамбик мамлекети сунуштады. Орусия резолюциянын текстине ок атышууну толук токтотуу талабын киргизүүгө аракет кылды. Ал сунуш дароо четке кагылды. Газадагы ок атышууну токтотууну талап кылган буга чейинки үч резолюцияга вето койгон АКШ бул жолу добуш берүүдөн карманды. Ал эми Вашингтон өзү сунуштаган резолюцияга Орусия менен Кытай вето койгон.

Резолюция кабыл алынгандан кийин Израил тарап өз делегациясынын Вашингтонго пландалган сапарын токтоткону белгилүү болду.

Ак үйдүн расмий өкүлү Жон Кирби АКШ Израилдин бул чечимине өкүнөрүн билдирди. Ал сапардын алкагында ЦАХАЛдын Рафахтагы операциясынын планы талкууланмак. Кирби Вашингтгон өз позициясынан тайбаганын, барымтадагылардын бошотулушун жана анклавдагы гуманитардык кризистин чечилишин жактоону улантарын кошумчалады.

Кошмо Штаттар Израилди Рафахка аскер киргизбей турууга чакырып келет.

 

XS
SM
MD
LG