Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Сот Мадумаровду күнөөлүү деп таап, жаза чегерген жок. Ал өкүм күчүнө киргиче абакта калды


Адахан Мадумаров, 26-март, 2024-жыл.
Адахан Мадумаров, 26-март, 2024-жыл.

26-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго чечим чыкты.

“Күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерилген жок. Чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калтырды”, - деди Мадумаровдун адвокаттарынын бири Юлия Богданова.

19-марттагы соттук отурумда тараптардын жарыш сөзү башталган. Прокурор соттон Мадумаровду коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен ишти кыскартууну суранганын адвокаты Кубанычбек Туманов билдирген. Мамлекеттик айыптоочулар азырынча комментарий берген эмес.

Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев да шек саналып жатат.

Мадумаровду 2023-жылы 2-сентябрда кармалган. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG