Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

Бекзат Өмүрбеков үй камагына чыкканы белгилүү болду


Бекзат Өмүрбеков. Милиция тараткан сүрөт.
Бекзат Өмүрбеков. Милиция тараткан сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту алдамчылыкка шек саналып кармалган Бекзат Өмүрбековду 20-мартта үй камагына чыгарганы белгилүү болду. Маалыматты “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы 27-мартта ырастады. Ага ылайык, шектүү келтирилген чыгымды төлөп бергени үчүн бөгөт чарасы өзгөртүлгөн.

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) ага март айынын башында Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, сот 1-майга чейин убактылуу кармоочу жайга камакка алган.

Милициянын маалыматы боюнча, ал жана дагы бир адам жергиликтүү тургундардын бирине жетекчилик кызматка ишке орноштурууга убада берип, 50 миң доллар акча алышканы аныкталган.

Бекзат Өмүрбеков жана адвокаты иш тууралуу комментарий бере элек.

Ал социалдык тармактарда азыркы бийликтин активдүү колдоочусу катары таанымал. Фейсбукта жарандык коомдун өкүлдөрүн, оппозициялык саясатчыларды кескин сындап келаткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG