Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Украинадагы согушта мерт болгон 49,2 миң орусиялыктын тек-жайы такталды


Орусия Украинадагы согушта мерт болгон аскерлеринин санын, тек-жайын ачыкка чыгарбайт.
Орусия Украинадагы согушта мерт болгон аскерлеринин санын, тек-жайын ачыкка чыгарбайт.

Би-би-си жана "Медиазона" басылмасы биргелешип Украинада согуш башталгандан ушул убакка чейин кеминде 49 281 орусиялык аскер мерт болгонун аныктап чыкты.

Ага ылайык, набыт кеткендердин 5908и мобилизацияга тартылгандар, 8887си абактан согушка жөнөтүлгөндөр, ал эми 6434ү ыктыярчылар болгон.

Журналисттер согушта мерт болгондордун тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айткандары, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап жатат. Алардын пикиринде, реалдуу сан кеминде эки эсеге көп.

Москва менен Киев уруштагы жоготууларын ачыкка чыгарышпайт. Ошондой эле согушкан тараптар адатта оз жоготууларын азайтып, душмандыкын көбөйтүп көргөзгөнгө аракет кылышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG