Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:11

Түркиядагы муниципалдык шайлоо: Вандык кыргыздар добуш берип жатат


"Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын тарапкерлери Стамбулда шайлоо алдындагы үгүт учурунда. 24-март, 2024-жыл
"Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын тарапкерлери Стамбулда шайлоо алдындагы үгүт учурунда. 24-март, 2024-жыл

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылында ачылган шайлоо тилкесинде кыргыз тектүү 1058 адам катталган. Бул тууралуу айыл активисти Хидайет Асиялы "Азаттыкка" билдирди. Ал шайлоо өз жол-жобосу менен өтүп жатканын кабарлады.

Мамлекеттик маалымат агенттикттери улуу памирликтер айылдагы орто мектепте ачылган шайлоо тилкесине улуттук кыргыз кийимдерин кийип келгенин жазды.

Улуу Памир айылында 2500ге жакын кыргыз жашайт. Алардын 350гө жакыны мектеп окуучулары. Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында 5 миңден ашуун вандык кыргыз бар.

Рейтер агенттиги 31-мартта Түркиянын чыгышында таңкы саат 7де жана өлкөнүн башка провинцияларында эртең мененки саат 8де добушканалар ачылганын жазды. Маалыматка караганда, муниципалдык шайлоолордо добуш берүүгө 61 миллиондон көп киши катталган. Анын 36 миллиону Стамбулда.

Агенттик 16 миллион калкы бар Стамбулда саясий жарыш катуу болорун жазды. Негизги таймаш оппозициячыл Элдик-республикалык партиянын жана бийликтеги "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын талапкерлери ортосунда өтүп жатат.

Бул Түркиядагы соңку он ай ичиндеги үчүнчү шайлоо болуп саналат. Былтыр президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 14-майда, экинчи айлампасы 28-майда өткөн.

Режеп Тайып Эрдоган добуштардын 52,14% алып, президенттикке шайланган. (ElB/AiA)

XS
SM
MD
LG