Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

УКМК Көлбаевдин уюшкан тобунун мүчөсү кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 26-мартта Ош аэропортунан Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, “Таранчы” деген каймана аты бар Н.Н.К. кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын кабарлашынча, шектүү Жалал-Абаддын Чаткал районундагы тоо-кен ишканалардын жумушчуларын коркутуп, акча талап кылган. Учурда шектүү атайын кызматтын тергөө абагына киргизилип, иликтөө жүрүп жатат.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин “анын уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар жана анын акчасын адалдаган” деген айып менен ондогон киши кармалган. (TSh)

​
XS
SM
MD
LG