Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:05

Кыргыз-казак чек арасы: Мыйзам бузбаган жүк ташуучуларды кармабай өткөрүү маселеси талкууланды


Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу машина. Архив сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу машина. Архив сүрөт.

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев 28-мартта президент Садыр Жапаровдун расмий сапарына даярдыкты талкуулоо максатында казак каржы министри Мади Такиев менен жолугушту.

Маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 1-апрелде билдирип, тараптар бул кездешүүдө президенттин Казакстанга күтүлүп жаткан сапарына даярдыктан тышкары чек ара аркылуу жүк ташуу маселесин да талкуулаганын кабарлады.

Негизинен анда жүк ташууда байма-бай мыйзам бузгандарга чара көрүү, жүк агымынын көлөмү боюнча буга чейинки макулдашууларды сактоо тууралуу сөз болгон.

Тараптар сүйлөшүү соңунда мыйзам бузбаган кыргызстандык жүк ташуучуларды кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү бекеттериндеги өзгөчө текшерүү системасынан чыгаруу боюнча ишти улантууну макулдашканы белгилүү болду.

20-мартта казак өкмөтүнүн Кыргызстанда текшерүүдөн өтүп, сертификат жана декларация алган товарларды өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө токтом долбоору токтотулганы кабарланган.

Марттын башында казак тарап Кыргызстанда сертификацияланган товарларга өз аймагында тыюу салууну сунуштаган. Тиешелүү министрлик өз жүйөсүндө кыргыз жергесиндеги лабораториялар товарларды сыноону жетиштүү деңгээлде өткөрбөй, документтерди да эсепсиз таратып жатканын жүйө келтирген.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги буга тынчсыздануусун билдирип, муну эки өлкө мүчөлүк кылган Евразия Экономикалык Биримдигинин аймагында атайылап жасалган тоскоолдук катары баалаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG