Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:43

Израилдин Газадагы операциясы уланууда


Газа. Архивдик сүрөт.
Газа. Архивдик сүрөт.

Израил Газа секторундагы аскердик операциясын улантууда. Бүгүн 1-апрелде да сектордун айрым аймактарын аткылоодон кийин түтүн каптаганын Associated Press маалымат агенттиги билдирди.

Эл аралык гуманитардык жардам парашют менен Газанын түштүк-батышындагы Муваси пляжына жеткирилгени маалымдалды.

Айрым маалыматтарга караганда, жөөт аскерлери аш-Шифа ооруканасынын имаратынан чыгып кетишти. Алар аталган ооруканага эки апта мурда чабуул коюшкан жана согушкерлерге каршы операция жүргүзүп жатканын билдиришкен.

Израилдин ХАМАС тобуна (АКШда жана Евробиримдик аймагында террордук деп жарыяланган) каршы дээрлик алты айдан берки согушу аталган анклавдагы ооруканаларды, мектеп жана бала бакчаларды, жолдорду, канализациялык системаларды жана электр түйүндөрүн керектен чыгарды.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси ошондон бери 32 миңдей палестин жай тургунунун өмүрү кыйылганын билдирүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жана Газага жардам берген эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, сектордун калкынын 80% үй-жайын таштап, качкындар лагерлеринде жашап жатышат, жүз миңдеген жай тургун ачарчылыкка кептелип олтурат.

Израил аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу бир нече аптадан бери жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Алар Рамазан айы учурунда атышууну убактылуу токтотууга жетишүү аракетин көрүшкөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG